21 сентябрь 2022
Кароолор: (85)
Жалал-Абаддан Баткенге дагы 30 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү

20-сентябрда Жалал-Абад шаарынан Баткен облусуна 30 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү.
Мэриянын маалыматы боюнча, жардамга азык-түлүк, кийим-кече, жууркан-төшөктөр, балдар менен энелерге керектелүүчү каражаттар жана аскер кызматкерлерине зарыл болгон айрым каражаттар камтылган.
Шаарда Баткенден келген жарандарды кабыл алып, аларга камкордук көрсөтүүчү жайлар уюштурулду. Баткенге жардам берүүдө калаадагы өспүрүмдөр да өздөрү топтоп жаткан акчаларын тапшырышты.