02 июнь 2025

Кароолор: (26)

ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ БАЛДАРДЫН ПСИХОНЕВРОЛОГИЯЛЫК СОЦИАЛДЫК-СТАЦИОНАРДЫК МЕКЕМЕСИНДЕ БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ КАРАТА МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

 Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, шаар мэринин орун басары Уларбек Исмаилов, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

 Уларбек Исмаилов аталган мекемеде тарбияланып жаткан балдарды шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун атынан куттуктап, жергиликтүү бюджеттин эсебинен акчалай белек тапшырды.

 Белгилей кетсек, балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде учурда 137 бала бар.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз