01 июнь 2023
Кароолор: (64)
Жалал-Абаддагы “Ак жол” балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борборунда тарбияланган балдарга майрамдык белектер тапшырылды

Бүгүн, 1-июнь-Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Айбек Джолдошев баштаган мэриянын коммуналдык мекемелеринин жетекчилери шаарда жайгашкан “Ак жол” балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борборунда тарбияланып жаткан балдардан кабар алып, белектерин тапшырып кайтты.
Мэрдин орун басары Айбек Джолдошев аталган борбордо тарбияланып жаткан балдарды майрамы менен куттуктап, борбордун шарты жок ашканасын оңдоого көмөктөшөөрүн белгиледи.