08 сентябрь 2022

Кароолор: (96)

Жалал-Абадда жарандык жана санариптик билим берүү борборлору иштеп баштады

7-сентябрда Жалал-Абад шаарында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу «Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору» долбоору ишин баштады.

Облустук китепканада өткөн иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, студенттер жана IT тармагына кызыккан жаштар катышты. Эки бөлүктөн турган долбоордун ачылуу аземи алгач онлайн форматта өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты. Өлкө башчысы заман талабына ылайык санариптештирүүнүн артыкчылыктуу багыттарына токтолду.

«Санариптештирүү — бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк өнүгүүнүн башкы тренди. Кыргызстан башкаруу, экономика, билим берүү, социалдык чөйрө тармактарын жигердүү санариптештирүү процессинде турат», - деп белгиледи Садыр Жапаров.