02 сентябрь 2022

Кароолор: (95)

Жалал-Абадда тестирлөөдөн жогорку балл алган окуучуларга 1 млн сом акча бөлүп берүү пландалууда

Жалал-Абад шаарында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган жана «Алтын сертификатка» ээ болгон окуучуларга шаар бюджетинен 1 млн сом акча бөлүп берүү пландалып жатат. Бул тууралуу шаар мэри Эрнисбек Ормоков өзү билим алган номер Тойгонбай Кошматов атындагы мектепте 1-сентябрь — Билим күнүнө арналган иш-чарага барганда айтты.

Маалым болгондой, бул күнү калаадагы 21 мектепте биринчи коңгуроо аземдери болуп өттү. 

«Бүгүнкү күнү өлкөдөгү анын катарында Жалал-Абад шаарындагы мектептерде билим күнү өтүп жатат. Бул жылы бүтүрүүчүлөргө дем, шык берүү үчүн шаар бюджетинен 1 млн сом акча бөлүп берүүнү пландап жатабыз. Алдыда шаардык кеңештин сессиясына сунуштайбыз. Эл өкүлдөрү колдоп беришет деп ойлойм. Ал каражатты быйылкы окуу жылынын жыйынтыгы менен ЖРТдан жогорку балл алган жана «Алтын сертификатка» арзыган бүтүрүүчүлөргө сыйлык катары берилет. Бул да болсо окуучулардын татыктуу билим алуусуна түрткү берет», - деди мэр.

Жалал-Абад шаарында 21 мектеп бар. Аларда 1175 мугалим иштеп, 26 миңден ашык окуучуга билим берип келет. 2022-2023-окуу жылында 3600 окуучу 1-класска кабыл алынды.