20 декабрь 2023
Кароолор: (77)
Жалал-Абадда прокуратура жана салык кызматкерлери ишкерлер менен жолугушту

Жалал-Абадда прокуратура жана салык кызматкерлери ишкерлер менен жолугушту
18-декабрда Жалал-Абад шаарында ишкерлердин ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгү, анын көйгөйлүү маселелери талкууланды. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, мамлекеттик салык кызматынын жана прокуратуранын кызматкерлери, ошондой эле, калаадагы ар түрдүү багытта иш алып барган 30 дан ашык ишкер катышты.
Тегерек стол ишкерлердин укуктарын коргоп, жогорудагы кызматтар тарабынан мыйзамсыз текшерүүлөрдү болтурбоо максатын көздөйт. Бул багытта тиешелүү маалыматтар жеткирилди.
Мындан сырткары жолугушууда ишкерлер тарабынан салык кызматына карата кошумча суроолор берилди. Анда ККМ чек, экономикалык амнистия, патент боюнча суроо-жооптор менен коштолду.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз