13 июнь 2024

Кароолор: (57)

Жалал-Абадда июнь окуясынын курмандыктары эскерилди

 Бүгүн, 13-июнда Сузак районун Топурак –Бел ашуусунда 2010-жылы болгон июнь каргашасынын 14 жылдыгы эскерилип, каза болгондорго куран окулду.

 Эскерүү иш-чарасына Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков да катышты.

 Эске салсак, 2010-жылдын июнь айындагы каргашалуу окуяда жалпысынан 500гө жакын киши курман болуп, 2 миңге жакын киши жабыркаган. Ал эми Жалал-Абад шаарында 33 киши курман болуп, 72 киши жабыр тарткан. Ал эми эки киши дайынсыз жоголгон.

 Белгилей кетсек, июнь окуясында жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына шаар бийлиги тарабынан материалдык жана моралдык колдоолор көрсөтүлүп келет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз