05 декабрь 2022
Кароолор: (231)
Жалал-Абадда "Аялдар баш калкалоочу жай" спектакли акысыз коюлду

Жалал-Абад шаарында Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры жана USAIDдин "Жигердүү жарандар" долбоору менен биргеликте "Аялдар баш калкалоочу жай" спектакли Барпы театрында акысыз коюлду. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, студенттер жана шаар тургундары катышты.
2022-жылдын 2-4-декабрында Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры Ош жана Жалал-Абад шаарларында «Аялдар баш калкалоочу жай» спектаклин тартуулашты. Көрсөтүүлөр гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк глобалдык кампаниянын алкагында USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу менен кѳрсѳтүлдү. Түрк жазуучусу жана драматургу Тунжер Жуженоглунун «Kadın Sığınağı» пьесасынын негизинде коюлган «Аялдар баш калкалоочу жай» спектакли 2022-жылдын июнь айында Бишкектеги Жаш көрүүчүлөр театрынын сахнасында алгач ирет коюлган. 2022-жылдын сентябрь айында спектакль Түркияда театр фестивалынын алкагында тартууланган. Спектаклде зордук-зомбулуктан качып кутулган сегиз аялдын чакан гана баш калкалоочу жайдагы бир күнүндөгү окуялары көрсөтүлөт. Бул күнү көп нерселер болот. Апасы менен баш калкалоочу жайда жашаган жаш кыз атасына качат. Жашоосун таза барак менен баштоого аракет кылган дагы бир келин жумуш берүүчүлөргө алданып калат. Дагы бир кыз үй-бүлөсүнүн ырайымсыз салтынын курмандыгы болот.
Театралдык бир саатка сыйдырылган бул күн актрисалардын профессионалдык чеберчилигинин жана Эльвира Ибрагимованын өзгөчө режиссёрдук тилинин натыйжасында көрүүчүлөр каармандардын тагдырын бирге баштан кечиришет. «Театр сахнасынан аялдарга карата зордук-зомбулук маселесин көтөргөн спектакль жаратуу зарылдыгына ынандык. Бул сахналаштыруу азап-кайгыны гана эмес, аялдардын күрөшүн, үмүтүн, күчүн, тилектештигин чагылдырат. Аялдар оор кырдаалда жалгыз эмес экенин сезиши керек. Жаштар театры бул спектаклди театрдын туруктуу репертуарына киргизди», – дейт спектаклдин режиссеру Эльвира Ибрагимова. Спектаклде башкы ролдорду Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Гүлмира Ташматова, Гүлмира Турсунбаева жана Айнур Тургумбаева ойношот, ошондой эле Шекерхан Жоомартова, Майрамбек кызы Мыскал, Элес Калмуратова, Айнура Темирова, Шаршенбек кызы Аида аткарышат. «Бул спектаклде кѳрсѳтүлгѳн окуяларда көптөгөн аялдар, тилекке каршы, өздөрүн көрө алышат: мажбурланып никеге туруу, кордолуу жана зомбулуктун катаал айлампасында болуу, үй-бүлө тарабынан колдоонун жоктугу, зомбулуктун балдарга тийгизген ѳкүнүчтүү таасири.
Жаштар театрынын Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы спектаклдин коюлушун колдоо менен биз көрүүчүлөргө алардын ар бири аялдарды жана кыздарды колдоо жана зордук-зомбулуктан коргоо үчүн эмне кыла аларын ойлонууга үндөгүбүз келет», – дейт «Жигердүү жарандар» долбоорунун жетекчиси Наталия Пипия. 16 күндүк өнөктүк – жыл сайын өтүүчү эл аралык кампания; ал 25-ноябрда, Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндѳ башталып, 10-декабрга, Адам укуктарын коргоо күнүнө чейин созулат. Акция аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана чакыруу максатында өткөрүлѳт.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз