04 декабрь 2023
Кароолор: (63)
ЖАЛАЛ-АБАДДА 3-ДЕКАБРЬ - ЭЛ АРАЛЫК МАЙЫПТАР КҮНҮНӨ КАРАТА ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

1-декабрда Жалал-Абад шаарындагы “Көзү азиздер жана дүлөйлөр коому” эл аралык майыптар күнүнө карата иш-чара уюштурду. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык кеңештин аппаратынын жооптуу катчысы Орозбек Эшенкулов катышып, майыптыгы бар жарандарга жергиликтүү бийлик тарабынан ар дайым моралдык жана материалдык колдоолор көрсөтүлүп келээрин белгилешти.
Ошондой эле, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай коомго пайдасын тийгизип, үзүрлүү эмгектенип жаткан кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын тапшырышты.
Аталган коомдун 178 мүчөсү болсо, анын ичинен 35и ишке жарамдуу жарандар.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 3,5 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Аларга жергиликтүү казынадан 425 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз