02 октябрь 2023

Кароолор: (186)

Жалал-Абадда 130 адамдын жүрөгүнө акысыз операция жасалат

29-сентябрда Жалал-Абад шаарына Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын 30 дан ашуун дарыгерлер тобу келишти. Аларды шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун башкы дарыгери Калдарбек Абдраманов баштаган жетекчилер тосуп алышты.

 Дарыгерлер бир жума бою Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунда 15 жаштан жогорку жүрөк оорусунан жабыркаган 130 га жакын жаранга акысыз операция жасашат.

 Маалым болгондой, операция мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон жарандарга жасалат.

 Бул кайрымдуулук иш-чара 29-сентябрь-Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата уюштурулган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз