06 май 2023

Кароолор: (59)

“Жалал-Абад жазы-2023” спорттук иш-чарасы өттү

Бүгүн, 6-майда Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата «Жалал-Абад жазы-2023» спорттук иш-чарасы болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев, шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, окуу жайлардын студенттери жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын алкагында веложүрүш, 4 чакырым аралыкка массалык чуркоо жана кол күрөш уюштурулуп, иш-чарага активдүү катышкандарга, мыктылыгын көрсөткөндөргө мэрия тарабынан ыраазычылык баракчалар, медалдар, кубоктор жана демөөрчүлөр тарабынан белектер тапшырылды.

 Белгилей кетсек, мындай спорттук иш-чара жаштарды патриоттуулукка жана дени