17 март 2023
Кароолор: (58)
Жалал-Абад: «Жашыл мурас» өнөктүгүнүн алкагында курулуш компаниялар да көчөт тигүүдө

Бүгүн, 17-мартта “Досткурулуш” компаниясынын эмгек жамааты Жалал-Абад шаарындагы Пушкин көчөсүнө 100дөй мөмөлүү дарактардын көчөттөрүн отургузушту. Аталган компаниянын жетекчисинин орун басары Эмил Капаров билдиргендей, өлкө аймагында жүрүп жаткан “Жашыл мурас” өнөктүгүн колдоо жана шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу максатында көчөт тигүүнү колго алышкан. Ал кошумчалагандай көчөт тигүү жыл сайын улантылып турмакчы.
Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарына жергиликтүү бюджеттен 4475 даана көчөт отургузулат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз