27 март 2023
Кароолор: (56)
Жалал-Абад: «Жашыл мурас» өнөктүгүнүн алкагында банк кызматкерлери Т.Байзаков паркына көчөт отургузушту

26-март күнү Жалал-Абад шаарындагы Т.Байзаков атындагы эс алуу паркына "Бакай Банк” ААКнын Жалал-Абад филиалынын кызматкерлери 75 даана эмен дарагынын көчөттөрүн отургузушту. “Бакай Банк” ААКнын Жалал-Абад филиалынын жетекчиси Алмаз Мадымаров билдиргендей, көчөт тигүү «Жашыл Мурас» өнөктүгүнүн жана "Бакай Банктын" 25 жылдык юбилейине карата «Бир кызматкерден бир көчөт» акциясынын алкагында жүргүзүлдү. Ал кошумчалагандай, тигилген көчөттөр көктөгөнгө чейин камкордук көрүлөт.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз