19 декабрь 2022

Кароолор: (226)

Жалал-Абад: Волейбол боюнча энелер лигасы өтүп жатат

 Жалал-Абад шаарындагы Газпром ден-соолукту чыңдоо борборунда волейбол боюнча Түштүк энелер лигасынын VI чемпионатынын ачылуу аземи өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Республикасынын Волейбол Федерациясынын президенти Элмырза Сатыбалдиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков бардык командаларга ийгиликтерди каалап, спорт тармагын жергиликтүү бийлик ар дайым колдоп келээрин баса белгиледи.

 Мелдешке өлкөнүн түштүк аймагынан 23 команда катышууда.

Белгилей кетсек, аталган мелдешти уюштурууга Жогорку кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев каржылык колдоо көрсөткөн.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз