25 март 2025

Кароолор: (73)

“ЖАЛАЛ-АБАД ТАЗАЛЫК” МЕКЕМЕСИНЕ ҮЧ ДААНА ЖАҢЫ ТЕХНИКА ТАПШЫРЫЛДЫ

 Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков “Жалал-Абад Тазалык” мекемесине таштанды ташуучу жаңы үч техниканын ачкычын тапшырды.

 Шаар мэри жаңы техинкалар тазалыктын жумушчуларынын түйшүгүн жеңилдете тургандыгын белгилеп, техникаларга аяр мамиле жасоого чакырды.

 Таштанды ташуучу унааларды сатып алууга 11 млн. 74650 сом жумшалган. Бул каражаттын 30%ы жергиликтүү бюджеттен бөлүнсө, калган 70% акча каражаты "Элдик Банк" тарабынан каржыланып, лизинг аркылуу сатып алынды.

 Белгилей кетсек, алдыда коммуналдык мекемелер үчүн дагы 32 даана атайын техника сатып алынат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз