08 май 2023

Кароолор: (52)

Жалал-Абад: Согуш ардагерлерине Президенттин атынан 100 миң сомдон акча каражаты тапшырылды

 Бүгүн, 8-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарындагы жалгыз согуш ардагери Сафин Гаффан менен концлагердин туткуну Валентина Симоненкого Президент Садыр Жапаровдун атынан 100 миң сомдон, жергиликтүү бюджеттен 20 миң сомдон акча каражаты тапшырылды. Акча каражатын шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин депутаты Максат Жусупбеков тапшырып, ардагерлерди Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, алардын эрдиги эч качан унутулбай турганын белгилешти.

Андан соң шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Айзат Раматиллаева Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жесирлеринен кабар алып, азык-түлүк баштыктарын беришти.

 Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынан Уулу Ата Мекендик согушка 10 миңден ашууна адам аттанып, анын 5024 кайтып келген. Учурда калаада бир согуш ардагери, бир концлагер туткуну жашайт.