28 февраль 2025

Кароолор: (71)

ЖАЛАЛ-АБАД ШИИБнин КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

ЖАМКда Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2024-жылдын 19-январындагы № 10-б буйругу жана 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу максатында Жалал-Абад ШИИБнын кызматкерлери 1-2-курс ЗТ,ПС жана 1-курс АД-6-23, СД-6-23 тайпаларынын студенттери менен жолугушуп, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анда коомдук тартипти сактоого, жарандардын укугун сыйлоого,татыктуу билим алууга жана тоноо, уурулук, топтошуп мушташуу, рэкетчилик сыяктуу терс көрүнүштөрдөн алыс болууга үндөдү.

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз