15 июнь 2023

Кароолор: (60)

Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндө жаңы скважинаны бургалоо иши жүрүп жатат

Жалал-Абад шаарындагы Зулум Жамашев көчөсүндө жайгашкан Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын короосунан 110 метр тереңдиктен суу чыгаруу үчүн бургалоо жумушун жүргүзүүдө. Аталган көчөдөгү скважина ишке кирсе парктардагы жана жол жээгиндеги бак-дарактар техникалык суу менен камсыз болот. Курулуш республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сом акча каражытынын эсебинен каржыланууда. Жогорудагы каражаттын эсебинен алдыда дагы жаңы 4 скважина курулат. Алар пайдаланууга берилсе Жалал-Абад шаарынын ирригация тутуму жакшырып, бак-дарактар арыктар аркылуу техникалык суу менен сугарылып калат.

 Эскерте кетсек, жакында эле шаарда Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен 3 скважина оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилген болчу.