04 март 2025

Кароолор: (94)

Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкармалыгында эл менен жолугуушу болуп өттү.

2024-жылдын 21-июнь күнү Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн адистеринин, Тайгараев аймактык башкармалыгынын, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин, Жалал-Абад шаарынын баш имам хатибинин жана айыл башчылардын катышуусунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу болуп өттү.

 Жолугушуунун максаты - жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, жайкы эс алуу учурунда балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, тыюу салынган диний уюмдарга кирип кетүүсүнүн алдын алуу жана үй-бүлөлүк зомбулуктарга жол бербөө болуп саналат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз