06 июнь 2023
Кароолор: (53)
Жалал-Абад шаарынын Пушкин көчөсүн реконструкциялоо иши жүрүп жатат

Кеңдиги 22 метрди түзгөн Пушкин көчөсүнүн 2 чакырым бөлүгүн реконструкциялоого 70 млн. сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Курулуш республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнуктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен каржыланууда.
Эске салсак, аталган көчөгө 2000-жылы асфальт басылып колдонууга берилген. Ал эми 2018-жылы эки тарабы кеңейтилип, кеңейген бөлүгүнө гана асфальт төшөлгөндүктөн жана жер алдынан өткөн түтүктөрдү алмаштыруу үчүн казылгандыктан жолдо чуңкурлар пайда болуп, жарандарга ыңгайсыздык жаратып келген.
Жалал-Абад шаарында быйыл 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз