29 декабрь 2022

Кароолор: (215)

Жалал-Абад шаарынын мэринин жаңы жылдык балатысы өттү

Бүгүн, 28-декабрда Жалал-Абад шаарындагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда мэрдин жаңы жылдык балатысы болуп өттү. Ага калаадагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген, спортто жана окууда ийгилик жараткан окуучулардан жалпы 500 бала катышты.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков балдарды кирип келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, келечек ээлери болгон жаштардын билим алуусуна ыңгайлуу шарттар жаратылып жатканын, мындан ары да ар тараптуу колдоолор улантылаарын белгиледи. Ошондой эле балаты майрамына келгендерге жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Балаты майрамында балдарга концерттик программа тартууланды. Анда Ош шаарынан келген "Куурчак" театры тарабынан балдар сүйгөн жомоктордон сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлүп, ыр-бийлер тартууланды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз