17 март 2025

Кароолор: (83)

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жыйындар залында Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы 2023-2027-ж.ж. Өлкөнүн стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу боюнча жыйын болуп өттү

 Ага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, БУУнун БДАТПнын өкүлү Нурлан Жумабай уулу, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Назира Жакыпова, аймактык башкармалыктардын башчылары мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

 Жыйында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы боюнча маалымат берилди. Аталган программага “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуучулар, мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлө мүчөлөрү, жесир жана жалгыз бой ата-энелер, жумушсуз катары расмий каттоодо тургандар, жалпы кирешесин ар бир үй-бүлө мүчөсүнө бөлгөндө 4409 сомдон кем болгон жарандар долбоорго катыша алат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз