12 апрель 2024
Кароолор: (67)
Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен “IT-RUN ACADEMY” ЖЧКсынын ортосунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк макулдашуусуна кол коюлду

11-апрелде Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков “IT RUN” ЖЧКсынын жетекчиси Алманбет Нарбаев менен Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Нурбек Анарбекинди кабыл алды.
Анда калаадагы жаңы курулган “IT-RUN ACADEMY” борборунун алдыдагы ишмердүүлүгү, келечеги жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп, Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен “Ай Ти Ран” ЖЧКсынын ортосундагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк макулдашуусуна кол коюлду.
Макулдашууга ылайык, “IT RUN” ЖЧКсы калаадагы жаңы курулган борбордо окуу процессин уюштуруп, аны жабдуулар менен жабдып, ата мекендик жана чет элдик IT тренерлер менен программисттерди тартуусу каралган. Каалоочулар мында Python, JavaScript, CSS, HTML, AI (жасалма интеллект), веб иштеп чыгуу, маалымат базалары, компьютердик сабаттуулук курстары, сертификатталган тил курстары жана башка тармактар сыяктуу программалоо тилдерин жана технологияларын өздөштүрө алышат.
Окутуунун жогорку сапатын камсыз кылуу жана тиешелүү билимдерди жана көндүмдөрдү берүү үчүн IT тармагынын квалификациялуу мугалимдери жана эксперттери тартылары айтылды.
Кошумчалай кетсек, IT борбордун курулушу Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен, 64 млн 500 миң сомго курулду.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз