25 февраль 2025

Кароолор: (91)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ ЭСКЕРТЕТ❗️❗️❗️

 Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы №140 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык Мыйзамына ылайык, жарнамалар, кулактандыруулар, маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде андан кийин расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде да жол-жоболоштурулат.

 Башка тилдердеги тексттин арибинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин арибинин өлчөмүнөн чоң болбоого жана анын оң же төмөн жагына жайгаштырылууга тийиш.

 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, менчиктин бардык формаларындагы уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар ушул Конституциялык Мыйзамды жана мамлекеттик тил чөйрөсүн жөнгө салуучу башка мыйзам актыларын бузгандыгы жана сактабагандыгы үчүн, укук бузуулар кодексинин 107-беренесине ылайык айып пул салынат.

 Андыктан, Жалал-Абад шаарынын мэриясы көрнөк-жарнактарды мыйзам чегинде жазууну эскертет !!!

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз