04 октябрь 2024
Кароолор: (107)
Жалал-Абад шаарынын мэриясы Аюп-Тоо учаскасында жайгашкан (12 га) муниципалдык жер тилкесине заманбап оюн-зоок паркын уюштуруу үчүн эскиздик долбоор даярдоого конкурс жарыялайт.

Жалал-Абад шаарынын мэриясы Аюп-Тоо учаскасында жайгашкан (12 га) муниципалдык жер тилкесине заманбап оюн-зоок паркын уюштуруу үчүн эскиздик долбоор даярдоого конкурс жарыялайт.
Конкурстун шарттары:
- 12 га жер тилкесине заманбап оюн-зоок паркын долбоорлоо;
- Долбоорду топографиялык съемкага ылайык жүргүзүү;
Долбоорлор 2024-жыл, 20-декабрь күнү, саат 17:00 гө чейин кабыл алынат.
Байге фонду 500 миң сомду түзөт (анын ичинен 1 орунга 400 миң сом жана 2 орун 100 миң сом).
Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын курулуш, транспорт жана коммуникация секторуна же төмөндөгү телефон номерлерге кайрылсаңыздар болот.
Оюн-зоок паркынын жайгашкан жеринин географиялык узундугу жана кеңдиги:
- Кеңдик - 40°55'22.14"С
- Узундук - 73° 1'10.47"В
Суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:
- Kurulush-meriya@mail.ru
- тел: +996555522121
- тел: 0(3722) 5-36-39
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз