14 ноябрь 2024
Кароолор: (153)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ АЙМАКТЫК ТЕСКӨӨЧҮЛӨРГӨ БОДИ-КАМЕРАЛАРДЫ ЖАНА ПЛАНШЕТТЕРДИ АЛЫП БЕРДИ

Жалал-Абад шаарынын мэриясы милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жакшыртуу, алардын кыймыл-аракетине көзөмөл жүргүзүү функцияларын калыптандыруу, жеке коопсуздугун чыңдоо жана ар түрдүү мыйзам жана укук бузууларга жеринде баа берүү тартибин бекемдөө максатында 40 даана боди-камера, 40 даана планшет алып берди. Ал үчүн шаар казынасынан 7,2 млн. сом бөлүнгөн.
Эске салсак, өткөн жылы Жалал-Абад шаарынын мэринин демилгеси менен шаар бюджетинен 5,5 млн сом бөлүнүп, шаарда 48 жайга адамдардын жүзүн тааный турган камералар орнотулган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз