03 февраль 2025
Кароолор: (168)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ 2024-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

31-январда Жалал-Абад шаарынын мэриясында жыл жыйынтыгын чыгарган коллегия болуп өттү. Коллегияга Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, шаар мэринин орун басарлары, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.
Коллегияда белгиленгендей, жыл ичинде социалдык, экономикалык, курулуш жана коммуналдык тармактагы аткарылган иштердин көрсөткүчү өткөн жылга салыштармалуу бир топко жогору. Мындай маалыматтар шаар мэринин орун басарлары тарабынан жасалган баяндамада айтылды.
Ошондой эле, жарлык-буйруктардын аткарылышы боюнча да отчеттор берилди.
Шаар мэри Эрнисбек Ормоков 2024-жылы Жалал-Абад шаарында бир топ өсүп – өнүгүүлөр орун алганын баса белгилеп, бардык мамлекеттик, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилерин жана кызматкерлерди акниеттүүлүк жана берилгендик менен кызмат кылууга, коррупциядан алыс болууга чакырды.
Мындан сырткары, ымыркайлардын өлүмү, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун өсүшү боюнча жетекчилердин ишин сынга алып, бир катар тапшырмаларды берди.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз