11 октябрь 2024

Кароолор: (75)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН МЭРИ ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ

 10-октябрда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков 2024-жылдын 5-октябрындагы Кыргыз Республикасында

кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө карата өткөрүлгөн "Жаш куткаруучу" республикалык мелдешинде биринчи орунду ээлеген Жалал-Абад шаарынын №14 С.Давлетов мектеп-гимназиясынын окуучуларын жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысын, мектеп директорун кабыл алып, жараткан ийгилиги менен куттуктады. Ошондой эле, окуучулардын ар бир ийгилиги шаардын сыймыгы экенин белгиледи.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз