31 декабрь 2022
Кароолор: (228)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН МЭРИ ЭРНИСБЕК ОРМОКОВДУН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КУТТУКТООСУ

"Урматтуу мекендештерим! Кымбаттуу Жалал-Абад шаарынын тургундары жана коноктору! Сиздерди кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Аруу тилек, илгери үмүт, бийик максаттар менен 2023-жылдын босогосун аттаганы турабыз. Жаңырган 2023-жыл жалпыбыз үчүн жакшылыктардын жылы болсун. Ак сакалы жайкалган аталарыбыз, мээрими чексиз энелерибиз, үйүбүздү шаңга бөлөгөн наристелерибиз, биздин келечегибиз болгон уул-кыздарыбыз ар дайым аман болсун. Ар бирибиз эски жылды узатып жатып артка кылчайып, өткөнгө көз чаптырабыз. Узап бара жаткан жыл Жалал-Абад шаары үчүн ийгиликтүү жылдардан болду десем жаңылышпайм. Анткени шаарыбызда бир топ ири курулуштар аягына чыгарылып, элибиздин турмушун жакшыртууга багытталган бир топ иш-аракеттерди жасадык. Өтүп бараткан жылы ийгилкитер менен катар элибиздин ынтымагын, биримдигин сынаган окуяларда орун албай койгон жок. Бирок, биз бардык кыйынчылыктарды чогуу жеңип, өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн бирге аракет кылдык. Учурдан пайдаланып сиздердин ар бириңиздерге ыраазылык билдирем. Ардактуу мекендештер! Жаңырган жылда Жараткандан жакшылык тилейли. Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун! Кампабыз данга, дасторконубуз нанга толсун. Ырыскыбыз мол болуп, 2023-жыл баарыбыз үчүн ийгиликтүү жылдардан болсун! Жаңы жылыңыздар менен!"
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз