21 март 2023

Кароолор: (64)

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун Нооруз майрамына карата куттуктоосу

 

  "Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу шаарыбыздын тургундары жана коноктору!

   Сиздерди Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Күн менен түн тогошкон 21-март-Нооруз майрамы жаратылышты, адамдарды, жанданууга, жаңыланууга чакырат. Эзелтен бул нукура элдик майрамды элибиз аруу тилек, жаңы үмүт, жаркын маанай менен тосуп, жыл башы катары кабыл алып келген.

Ата-бабалардан калган бул көөнөргүс салтыбызды дагы байытып, кийинки урпактарыбызга жеткирүүбүз зарыл.

«Нооруз» деген сөз байыркы фарс тилинен алынып, “жаңы жыл”, “жаңы күн” деген маанини билдирет. Мындан улам биздин ата-бабаларбыз Нооруз майрамын жаңы жыл катары белгилеп, түшүмүбүз мол болсун, кырманыбыз данга толсун деген тилек менен бул майрамга өзгөчө маани берген.

Өлкөбүз, анын ичинде Жалал-Абад шаары быйылкы Нооруз майрамын, жаз мезгилин жакшы жетишкендиктер жана элибизди кубанткан жакшы жаңылыктар менен тосуп жатат. Тагыраагы, 2023-жылга респуликалык бюджеттен шаарыбызды өнүктүрүү үчүн 2 млрд. сом акча каражаты бөлүнүп жатат. Ага элибизге зарыл болгон социалдык объектилерди, өндүрүштүк ишканаларды куруп, бир катар негизги жолдорубузга асфальт төшөп, жаштарыбыз билим алчу IT борбор, спорт мектебин, жеткинчектерибиз ойной турган заманбап эс алуу жайларын, бала бакчаларды курабыз.

Кыштан эсен-аман чыгып, элибиз эгин айдап, ар бир инсан ушул жылы аткаруучу иштерин пландап, жакшы тилек, илгери үмүт менен жаз мезгилинде турабыз. Аллахым элибиз үчүн баштаган ар бир ишибизди ийгиликтүү кылып, жүзүбүздү жарык кылсын.

Жараткан Алахым элибизге ынтымак, ден соолук, бейпил жашоо, мол ырыскы берсин!

Майрамыңыздар менен!"

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз