03 март 2023

Кароолор: (218)

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына карата куттуктоосу:

“Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу шаарыбыздын тургундары!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгы менен өзүмдүн жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын атынан чын дилимден куттуктаймын.

Бул дата көз карандысыз элибиз үчүн чоң мааниге ээ майрамдардын бири. Анткени, эгемен мамлекетибиздин өз алдынчалыгын билдирген, дүйнө элине таанытып турган негизги белгилердин бири - бул мамлекеттик Туубуз.

Туу – өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн, патриоттуулуктун жана мекенге болгон сүйүүнүн символу!

Тарыхка кайрыла турган болсок, кыргыз элинде туу маанилүү мамлекеттик символ катары бардык мезгилдерде өзгөчө кастарланып келген. Ар дайым туубузду баатырларыбыз кайтарып, душман келген учурда да аны жерге тепсетпей көздүн карегиндей сактаган. Биз да эгемен өлкөбүздүн туусун ар дайым бийик желбиретип, аны келечек муунга татыктуу өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз.

Эгемен элибиздин эркиндигин, улутубуздун улуулугун даназалаган туубуз кылымдарды карытып, түбөлүккө желбиреп турсун!

Майрамыңыздар менен!”

Эрнисбек Ормоков

Жалал-Абад шаарынын мэри

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз