09 сентябрь 2024

Кароолор: (66)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН МЭРИ ЭРНИСБЕК ОРМОКОВ ШААРГА КОШУЛГАН ЛАДАН-КАРА АЙЫЛЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 Жолугушууга шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү жашоочулар катышып, социалдык, коммуналдык бир топ көйгөйлөр айтылды. Шаар мэри суроолорго жеринде жооп берип, аталган айылда жана жалпы шаар аймагында жүргүзүлө турган жумуштар боюнча маалымат берди.

 Белгилей кестек, шаар мэринин эл менен жолугушуусу Жалал-Абад шаарындагы бардык аймактык башкарууларда өткөрүлөт.

 Белгилей кетсек, Ладан-Кара айылы Админстративдик аймактык реформанын алкагында Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкаруусуна кошулган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз