11 апрель 2025

Кароолор: (39)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН Ч.АЙТМАТОВ АЙМАКТЫК БАШКАРУУСУНУН БАШЧЫСЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ТУРГУНДАР МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Жалал-Абад шаарынын Ч.Айтматов атындагы аймактык башкаруусунун башчысы Бактыгүл Алдосова тийиштүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүп жатат. Жолугушууда жергиликтүүлөргө зарыл болгон маалыматтарды жеткирип, суроо-сунуштарын угууда.

 Белгилей кетсек, шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругу менен аймактык башкаруулардын башчыларынын ишин жакшыртуу максатында ротациялоо жүргүзүлгөн. Анын алкагында буга чейин "Курманбек" аймактык башкаруу мекемесинин башчысы кызматын аркалап келген Бактыгүл Алдосова Ч.Айтматов атындагы аймактык башкаруу мекемесине ротацияланган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз