11 сентябрь 2025
Кароолор: (20)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН АТАЛЫШЫН ӨЗГӨРТҮҮ ШААР БЮДЖЕТИНЕ ЖАНА ЖАШООЧУЛАРГА ИРИ ЧЫГЫМ АЛЫП КЕЛБЕЙТ

Жалал-Абад шаарынын аталышы Манас шаары деп өзгөрсө, айрым интернет колдонуучулары айтып жаткандай көп каражат сарпталбайт. Тагыраагы, шаардын аталышын өзгөртүүдө жергиликтүү бюджеттен 14 млн. 999818 сом гана керектелет.
Бул каражатка Аюб-Тоодогу «Жалал-Абад» стеласын өзгөртүү, шаардагы илинген Жалал-Абад шаары деген аталыштарды ѳзгѳртүү, мѳѳрлѳрдү алмаштыруу, почта дарегин ѳзгѳртүү, шаардагы муниципалдык мекеме, ишкана жана уюмдардын Жоболорун Юстициядан каттоо жумуштары жүргүзүлөт.
Ал эми шаар тургундары эч кандай чыгымга учурабайт. Анткени, алар документтерин алмаштыруусу шарт эмес. Болгону документтерди кайра каттоо, же жаңыдан алуу учурунда гана Манас шаары деген жаңы аталыш менен документтерин алышат.
Андыктан, шаар тургундарын ар кандай такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз