19 сентябрь 2025
Кароолор: (57)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН АТАЛЫШЫ МАНАС ШААРЫ БОЛУП ӨЗГӨРТҮЛДҮ
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты улуттук идеологияны чыңдоо, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан коргогон айкѳл Манастын атын Жалал-Абад шаарына ыйгаруу болуп эсептелет.
Андыктан Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаары деп кайра атоо каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.