16 апрель 2024
Кароолор: (67)
Жалал-Абад шаарынын аймагындагы кырдаал боюнча маалымат.

Жалал-Абад шаары боюнча ӨКБнүн башчысы, майор К.Маматкуловдун берген маалыматы боюнча: 2024-жылдын 16-апрель күнү болжол менен саат 03:54 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттон агып түшкөн сел суулары, жамгырдан чогулган суулар Жалал-Абад шаарынынын аймагындагы 8 жер үйдүн, бир көп кабаттуу үйдүн алдын жана 1 супермаркеттин ичин каптаган.
Жогорудагы даректердеги сел сууларын жана жолдордогу куурларды, арыктарды тазалоого "Жалал-Абад сууканал" башкармалыгынан 12, Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинен 25, Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынан 5,
"Жалал-Абад Тазалык" мекемесинен 30, Жалал-Абад шаары боюнча ӨКБдан 16 кызматкер тартылды.
Жалпы: 88 кызматкер тазалоо иштерине тартылып, учурда тазалоо иштерин алып барышууда.
Кошумча маалымат берилет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз