03 апрель 2025
Кароолор: (83)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН АЙМАГЫНДА САЛАМАТТЫК САКТОО СИСТЕМАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА КАЛКТЫН САЛАМАТТЫГЫН САКТОО МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КОМИССИЯНЫН ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ

Ага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, дарыгерлер, муниципалдык аймактык башкаруу мекемелеринин башчылары катышты.
Күн тартибинде 2 маселе каралды:
1. Кызамык оорусуна пландуу текшерүүлөрдү өткөрүп жиберген жаштагы балдарды иммундаштыруу компаниясы жөнүндө;
2. Жалал-Абад шаарында кургак учук илдетинин абалы жөнүндө;
Гүлбарчын Таштанбекова жыйын учурунда ооруулардын алдын алуунун эң натыйжалуу жолу – эмдөө экенин белгилеп, дарыгерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, шаар тургундарын эмдөөлөрдөн өткөрүү тапшырмасын берди.
Мындан сырткары, оорунун алдын алуу үчүн жүргүзүлүп жаткан эмдөөлөрдө курамында эч кандай зыяндуу, шариятка каршы келүүчү кошулмалары жок вакциналар бериле тургандыгы боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз