07 июль 2025
Кароолор: (34)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН АЙМАГЫНДА АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫН БУЛГАНУУ ДЕҢГЭЭЛИН ТӨМӨНДӨТҮҮ БОЮНЧА ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ

4-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жарандардын саламаттыгын сактоо жана атмосфералык абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү, аба чөйрөсүн булгоонун себептерин жана булактарын аныктоо жөнүндөгү” тескемесинин негизинде, Жалал-Абад шаарында абанын булганышын азайтуу, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору боюнча жыйын болуп өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, шаар мэринин орун басары Уларбек Исмаилов жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булганышынын алдын алуу чараларын көрүү, жашыл аймактарды көбөйтүү жана экологиялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча бир катар маселелер талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев шаар аймагында атмосфералык абанын булгануусуна күз-кыш мезгилиндеги сапатсыз көмүрдүн жагылуусунан, техникалардын көбөйүүсүн эске алуу менен аба станциясын куруу зарылдыгы пайда болоорун белгиледи.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз