02 февраль 2024

Кароолор: (8)

Жалал-Абад шаарынын аймагында ар кандай жарылуу кырсыктарынын алдын алуу максатында жыйын өттү

 Жыйынды мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев алып барып, чакырылган мекеме ишканалардын жетекчилерине Бишкектеги ТЭЦте орун алган бүгүнкү кырсыкка кайдыгер карабоого чакырды.

 Кубанычбек Иманалиев: “Бүгүнкү ТЭЦтеги жарылууну кош көңүл карап койгонго болбойт. Ар бир тармак бул багытта коопсуздук жактарын дагы бир ирет көзөмөлгө алып, текшерип чыгышыбыз керек. Бул аракет албетте жарылуу кырсыктарынын алдын алуу максатын көздөйт,”-деп белгиледи.

 Жыйындын соңунда ишемби, жекшемби күндөрү калаадагы ар бир мекеме-ишкана жылуулук багытындагы коопсуздукту текшерүүсү милдеттендирилип, атайын түзүлгөн комиссия текшерүүгө чыгаары айтылды.

 Белгилей кетсек, ТЭЦте жарылуу 2-февралга караган түнү болуп, Бишкек шаарынын айрым жерлерине жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз