07 сентябрь 2023

Кароолор: (70)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН 2040-ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ БАШКЫ ПЛАНЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

  6-сентябрда Жалал-Абад шаардык кеңеши кеңейтилген жыйын өткөрүп, Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки башкы планынын долбоорун, мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн мүлктөрдү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүүгө макулдук берүү маселесин карашты. Жыйынга Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

 Кеңейтилген жыйында жогорудагы эки маселе эл өкүлдөрү менен биргеликте талкууланып, суроо-сунуштарды эске алуу менен шаардын 2040-жылга чейинки башкы планын кийинки сессияга алып чыгуу пландалды.

 Ал эми мамлекеттин карамагындагы 16 объектини мэриянын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга бир добуштан макулдук берилди.

 Белгилй кетсек, Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки башкы планына ылайык, Жалал-Абад шаарынын аянты 8728 гектардан 13180 гектарга кеңейтилиши күтүлүүдө.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз