14 февраль 2025
Кароолор: (177)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН 2025-ЖЫЛГА БЮДЖЕТИ 1 МЛРД. 209,5 МЛН. СОМ ДЕП БЕКИТИЛДИ

13-февраль күнү, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезектеги V сессиясы өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков, мэрдин орун басарлары, депутаттар жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Сессияда шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев Жалал-Абад шаарынын 2025-жылга бюджетинин долбоорун тааныштырып, аны депутаттар бир добуштан колдоп берди.
Жалал-Абад шаарынын 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин планы 1 млрд. 209,5 млн. сом деп бекитилди. Бул 2024-жылга бектилген пландан 157,6 млн. сомго көп.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз