09 февраль 2024

Кароолор: (6)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН 2024-ЖЫЛГА БЮДЖЕТИ 1 МЛРД. СОМ ДЕП БЕКТИЛҮҮ АЛДЫНДА ТУРАТ

 Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков 2023-жылы жергиликтүү жана республикалык бюджеттен, инвесторлор тарабынан жасалган жумуштар, калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү багытында жүргүзүлгөн иш-аракеттер боюнча элге отчёт берүү учурунда билдирди.

 Жыйынга шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты.

 Отчет видео түрүндө экран аркылуу көрсөтүлдү. Андан соң шаар мэри 2024-жылы жергиликтүү жана республикалык бюджеттен, облустук өнүктүрүү фонду тарабынан аткарыла турчу жумуштар боюнча маалымат берип, жыйын суроо-жооп иретинде уланды.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын 2024-жылга бюджети 1 млрд. сом деп бекитилүү алдында турат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз