16 август 2023

Кароолор: (58)

Жалал-Абад шаарындагы Жусупбек Бакиев атындагы экопарктын тосмосу жок 463 метр бөлүгүнө демөөрчүлөр тарабынан тосмо орнотулуп жатат. Ал үчүн демөөрчүлөр 1 млн. сом акча каражатын сарптоодо.

Эске салсак, аталган парк 2008-жылы Жусупбек Бакиев атындагы фондго 49 жылдык мөөнөт менен жашылдандырууга ижарага берилген. Бирок аталган фонд паркты кароосуз калтыргандыктан, 2023-жылдын март айында Жалал-Абад шаардык мэриясы паркты өзүнө кайтарып алып, жаз мезгилинде 2500 даана көчөт отургузган.

 Аталган жайдын жалпы аянты 8 гектарды түзөт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз