09 июнь 2025

Кароолор: (13)

Жалал-Абад шаарындагы жума мечиттерде Курман айт намазы окулду

 6-июнь күнү Жалал-Абад шаарындагы жума мечиттерде Курман айт намазы окулду. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков менен шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков калаадагы жума мечиттердин биринде Айт намазын окушту.

 Анда сөз сүйлөгөн шаар мэри Эрнисбек Ормоков жалпы мусулмандарды, алардын ичинде Жалал-Абад шаарынын тургундарын ыйык Курман айт майрамы менен куттуктады:

"Жараткан Алла Таала баарыбыздын үмүт-тилегибизди кабыл кылып, берекесин жаадырсын!

Өлкөбүздө жана шаарыбызда дайыма тынчтык болуп, биримдик менен ынтымак кетпесин!

Жалпы мекендештерибизге бекем ден соолук, мол ырыскы, ыйман, бейпил жашоо, ийгилик жана береке каалайм.

Ыйык Курман Айт майрамыңыздар кут болсун!"

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында бүгүн, 6-июнь күнү, 23 жума мечитте Курман айт намазы окулду.

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз