25 июнь 2024
Кароолор: (63)
Жалал-Абад шаарындагы жума мечиттерде Курман айт намазы окулду

Бүгүн, 16-июнь күнү Жалал-Абад шаарындагы жума мечиттерде Курман айт намазы окулду. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков да калаадагы жума мечиттердин биринде Айт намазын окушту.
Анда сөз сүйлөгөн шаар мэри Эрнисбек Ормоков жалпы мусулмандарды, алардын ичинде Жалал-Абад шаарынын тургундарын ыйык Курман айт майрамы менен куттуктады:
"Урматтуу мусулман бир туугандар!
Урматтуу шаарыбыздын тургундары жана меймандары!
Сиздерди мусулмандардын ыйык майрамдарынын бири болгон Курман Айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.
Бул майрам элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган, ыймандуулукка жана сабырдуулукка чакырган майрам десем болот.
Ар бир мусулман үчүн ыйык болгон Курман Айт күнү жетим-жесирлерге, муктаждарга жасалган жардамдар жүрөктөрдү кубанычка толтуруп, улуу сезимдерге жетелейт.
Жараткан Алла Таала баарыбыздын үмүт-тилегибизди кабыл кылып, берекесин жаадырсын!"
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз