16 май 2024

Кароолор: (93)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫЛАНГАН "КУРМАНБЕК" СТАДИОНУ АЧЫЛДЫ

 15-май күнү реконструкциялоодон өткөрүлгөн "Курманбек" стадиону пайдаланууга берилди. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы, Камчыбек Ташиев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков катышып, шаар тургундарын жана футбол күйөрмандарын жаңыланган стадиондун ачылышы менен куттуктап, кыргыз футболу өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилешти.

 Иш-чара белгилүү ырчылардын коштоосундагы чоң программадагы концерт менен коштолду.

 Учурда Жаңыланган гибриддик стадиондо Жалал-Абаддын "МУРАС ЮНАЙТЕД" жана Бишкектин "ИЛБИРС" футболдук клубдарынын беттеши өтүп жатат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз