26 март 2024

Кароолор: (63)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ ЖАЛГЫЗ СОГУШ АРДАГЕРИ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТЫЛДЫ

 Бүгүн, 26-март күнү шаардагы Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Сафин Гаффан жерге берилди. Ардагер кечээ, 25-мартта 99 жашында дүйнө салган.

 Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Орусиянын Ош шаарындагы Башкы Консулдугунун консулу Бахтин Константин Владимирович,

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, аскер кызматкерлери, шаар тургундары катышты. Алар ардагердин эрдигине токтолуп, маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтышты.

 Кошумчалай кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сафин Гаффан Башкыр АССРинде туулган. Советтик Армиянын катарында 1943-жылдан тарта кызмат өтөгөн. Ал Жалал-Абадга 1954-жылы көчүп келген.

 Ардагер Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы, "Германияны жеңүү" жана башка медалдар менен сыйланган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз