29 апрель 2025

Кароолор: (54)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ ЖАЛГЫЗ КОНЦЛАГЕР ТУТКУНУ ВАЛЕНТИНА СИМОНЕНКОГО ПРЕЗИДЕНТТИН АТЫНАН 100 МИҢ СОМ ТАПШЫРЫЛДЫ

28-апрель күнү, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров, шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова концлагердин мурдагы жашы жетпеген туткуну Валентина Симоненкодон кабар алып, алдыда келе жаткан Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгы менен Президенттин атынан куттуктап, 100 миң сом акча каражатын жана белектерди тапшырышты.

 Иш-чарага шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев баштаган коноктор жана шаар тургундары катышты.

 Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынан Уулу Ата Мекендик согушка 10 миңден ашууна адам аттанып, анын 5024 кайтып келген. Ал эми учурда калаада жалгыз концлагер туткуну гана жашайт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз