13 март 2025
Кароолор: (12)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ СООДА-ЛОГИСТИКАЛЫК КОМПЛЕКСИН КУРУУНУ ЖАНА БАШКАРУУНУ “МСК ГРУПП” ЖҮРГҮЗӨТ

Мындай келишимге Мамлекеттик жеке өнөктөштүк мыйзамынын негизинде Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков менен “МСК групп” ЖЧСнын башкы директору Нурбек Исмаилов кол койду.
Келишимге ылайык, Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан жаңы муниципалдык базардын курулушун каржылоону, курууну жана башкарууну “МСК групп” ЖЧКсы жүргүзөт. Инвесторлор аталган базардын курулушуна 57 млн. доллар инвестиция салууда.
Белгилей кетсек, мурдагы "Телтору" атмайданынын ордуна 22 гектардан ашуун аянтты ээлеген жаңы базар курулууда. Ага шаардын борбордук бөлүгүндөгү базарларды көчүрүү пландалган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз