12 май 2025
Кароолор: (42)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ РЕКОНСТРУКЦИЯЛООДОН ӨТКӨРҮЛГӨН Б.БОТОКАРАЕВ (МУРДАГЫ М.ГОРЬКИЙ) КӨЧӨСҮ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Көчөнүн ачулуу аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Аталган көчө Пушкин жана Шопоков көчөлөрүн бириктирет. Жолдун жалпы узундугу бир чакырымдай аралыкты түзөт. Ал эми туурасы 13 метрге кеңейтилип, жаңыдан асфальт төшөлдү.
Мындан сырткары, тротуар курулуп, темир-бетон арык куурларын жаткыруу, жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү.
Аталган көчөнү реконструкциялоо иштери Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп, жергиликтүү бюджеттен каржыланды
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз